2025-жылдын 19- март күнү Ош шаарында “ Коргошундун ден соолукка тийгизген зыяны аттуу сынактын жыйынтыгы жана сыйлыктарды тапшыруу аземи Ош шаардык № 17 “Ак Ниет ” балдар бакчасында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун уюштуруусунда жана ЭКОИС уюмунун колдоосу менен чоң иш чара болуп өттү. Бул иш чаранын максаты: Ата -энелердин жана бала бакча тарбиялануучу балдардагы коргошундун ден соолукка кооптуу экендиги боюнча маалыматуулугун жогоруулатуу. Балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, Бала бакча менен ата-энелердин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, Балдарда жана чоңдордо коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүү. Ош шаарында мектепке чейинки даярдоо топторунун балдар арасындагы сүрөт сынакка 3 бала бакча (№13, №17, №25)катышып, 1-жума аралыгында сүрөт тартышышкан. Баардыгы болуп 3 бала бакчадан 245 бала сүрөт тартып, анын 30дан ашуун сүрөттү, сынактын жюрилери: Ош шаардык мэриясынын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык комуникация борборунун өкүлдөрү тарабынан бааланып, сүрөт сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Сүрөт аземине,Ош шаардык мэриясынын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык комуникация борборунун өкүлдөрү,мектепке чейинки даярдоо тайпасынын ата-энелери, тарбиячылар, балдар жана сынакка катышкан бала бакчанын жетекчилери катышат.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation