4-февраль Рак ооруларын алдын алуу боюнча прес-жыйын

4-февраль Рак ооруларын алдын алуу боюнча прес-жыйын

2025--жылдын 6-февраль куну, Ош облус аралык балдар клиникалык ооруканасынын жыйындар залында “Өз убагында текшерил – рактан бир кадам алдыда бол!” ураандын астында Республикалык денсоолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын уюштуруусунда болуп пресс-жыйын болуп өттү . Жыйынга : КР Өкмөтүнө караштуу Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык өнүктүрүү иштери боюнча жооптуу адистери Ош шаардык жана облустук саламаттык сактоо Координатору Ош облустук жана Ош шаардык балдар жана чоңдор башкы онкологдору, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгы жана РДЧжМКБТФ дарыгерлери ЖМК өкүлдөрү катышты. 1-февралдан 7-февралга чейин Кыргызстанда жыл сайын 4-февралда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата онкологиялык оорулар тууралуу маалымдуулук жумалыгы өтөт. Бул компаниянын максаты Калкка онкологиялык оорулардын коркунуч факторлору, алдын алуу жана эрте аныктоо ыкмалары боюнча маалымат берүү.Аялдарды үзгүлтүксүз скринингден өтүүгө үндөө, анткени ал рак илдетинин алдын алууда жана ийгиликтүү дарылоодо чечүүчү роль ойнойт.Маалымдоо жумалыгынын алкагында 4-7-февраль күндөрү саламаттыкты сактоо уюмдарында жатын моюнчасынын жана сүт бездеринин рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча ачык эшиктер күнү өтөт.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information