Чолпонбай айылында ҮДТ жаңы имараты ачылды

Чолпонбай айылында ҮДТ жаңы имараты ачылды

2025-жылдын 13-январында Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берет жана бардык зарыл эмеректер менен жабдылган. Бул маанилүү социалдык долбоор саламаттык сактоо министринин демилгеси менен “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Мураталиев жана Гулкан Молдобекова, “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов, ошондой эле Чолпонбай айылынын тургундары жана Талас облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.

Points

Кечээ биздин айылга дагы келди, Шекерге, ФАП ачып бермей болду. Андан башка тез жардам кызматы жок эле, аны дагы камсыз кылып жана атайы дарыгер дагы жөнөтөм деп убада берди, буйруса 31-августтан баштап ишке кирет экен. Ушундай сонун жаңылык бар бизде. Баарыңарда ушундай жаңылыктар көп болсун жана ишке аша берсин. Бар болгула.

Жакшы жанылыктар бар экен. бардык айылдарга эле келип ушинтип ачып берип кете берсин

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information